• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри үч башкармалыктын башчысын кызматтан алды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.05.22./Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ведомствонун үч башкармалыгынын башчыларын кызматтан алды.

Бейшеналиев агенттикке билдиргендей, ал юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеевдин, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраеванын кызматтан кетүү тууралуу арыздарына кол койгон.

Мындай чечим алар министрдин орун басарлары менен биргеликте маалымат жыйын өткөрүп, министрлер кабинетинен ведомство башчысын кызматтан алуу өтүнүчү менен кайрылгандан кийин кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий