• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри COVID-19 вирусуна 3 жолу анализ тапшырды — Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна 3 жолу анализ тапшырды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, тесттердин натыйжасы терс болуп чыккан.

"Ал министр кызматына дайындалганга чейин Жалал-Абад облусу боюнча координатор болгон. Кырдаалга жараша анын 14 күн карантинде болуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, ошондуктан министр кызматына киришкен. Жакында биз да анализ бердик, вируска карата терс натыйжа чыкты", - дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий