• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду

Аймак 0

Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. Кечээ, 1-октябрда КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Октябрь карылар үйүнө барып, мекеменин жашоочуларын Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ал ошондой эле Октябрь жалпы дарыгерлик практикалык борборунун кызматкерлери менен жолугуп, жеринде медициналык жардамдын сапаты жана саламаттыкты сактоону уюштуруунун курч көйгөйлөрү менен таанышты, борбордун кызматкерлерине жылуу каалоолорун Ардак китебине калтырды. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган борбордун кызматкерлери жаңы рентген-аппарат зарылдыгы тууралуу билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында А.Бейшеналиев аймактык координаторго коронавирустук инфекциянын эпидемиологиялык абалын көзөмөлдөө, калкты COVID-19га каршы эмдөө боюнча бир катар тапшырмаларды берип, министрлик рентген-аппарат бөлүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий