• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн канча орун даярдалганы тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн канча орун даярдалганы тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн өлкө боюнча жалпы 2 мин 156 орун дайындалган.

“Алардын ичинен 193ү инсенсивдүү терапия палаталары. Бүгүнкү күнү 716 ейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Бишкекте 767 орун дайындалган − коронавирус жуктурган 306 киши бейтапканаларда дарыланып жатат. Коронавирустун козгогучу жок, бирок пневмония менен ооругандар үчүн 761 орун даярдалды. Анын ичинде Улуттук фтизиатрия борборунда 38 орун, Кыргыз темир жол ооруканасында − 40, Улуттук хирургия борборунда −13, Улуттук госпиталда − 270, Курортология институтунда − 120, №1 шаардык ооруканада – 80 жана “Манас” аэропортунун аймагында 200 орун дайындалды. Ошентип Бишкек шаарында 353 орун бар. Кечээ 67 кычкылтек концентратору сатып алынып, ооруканаларга берилди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий