• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саламаттык сактоо министри: Кыргызстан боюнча 1,9 миң адам обсервацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 1 миң 900 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алардын ичинен: Бишкек шаарында – 403 адам, Чүй облусунда – 173, Ош шаарында – 56, Ош облус боюнча – 263, Жалал-Абад облусунда – 189, Баткен облусунда – 584, Нарын облусунда – 108 адам, Талас облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 100 адам бар.

Министр кошумчалагандай, 3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жалпы 130 тастыкталган учур катталды.

Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 61, Ош облусунда – 30, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 10, Бишкек шаарында – 14, Нарын облусунда – 4 жана Ысык-Көл облусунда – 2 адам бар. Коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен – 72 аялдар, 58 – эркектер.

Пикир

Оставить комментарий