• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жеке көзөмөлүнө алды

Ден соолук 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус илдетине байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министр өзү өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган бир да учур катталган жок.

"Илдет тарагандан тарта министрлик тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлүүдө. Тышкы чек араларда санитардык көзөмөл күчөтүлгөн. Азыркы учурда эң башкысы Кытайдан келген рейстерди жана чек жактан келген каттамдардын баардыгын көзөмөлгө алдык. "Манас" жана "Ош" аэропортторунда тепловизорлор иштеп жатат", - деп маалымдады министр.

Министр маалымдагандай, учурда бизде 13 тепловизор бар.

"Алар адамдар көп каттаган чек арага коюлду. Жетпеген тепловизорлор боюнча иш алып баруудабыз. ​​​​​Маска, шприц, керектүү дары-дармектер базарда бар. Кампаларда 3,5 миллиондой беткап бар", - деп билдирди Чолпонбаев.

Андан тышкары, министр Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлгөндүгүн эске салды.

Эске салсак, акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустун жаңы илдетин жуктуруп алгандардын саны 2744кө жетип, 80 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий