• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ишке чыкты

Коом 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-августта саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ишке чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр стационардык дарылануудан кийин дагы бир жума үй карантининде болгон.

"Министр жок болгон мезгилде анын милдеттери убактылуу орун басары Мадамин Каратаевге жүктөлгөн. Бүгүндөн тартып министр штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, министр Сабиржан Абдикаримовдон пневмония аныкталган болчу.

Пикир

Оставить комментарий