• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун өмүр баяны

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде, Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Төмөндө анын өмүр баянын келтиребиз:

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович

1959-жылы 20-декабрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыркол айылында туулган.

Жогорку билимдүү, 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун санитардык врач адистиги боюнча аяктаган. 2011-жылы Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын саясый менеджмент адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 1981-1987-жылдары — Республикалык санитардык-эпидемиологиялык станциянын санитардык врачы;

— 1987-1993-жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгында врач-инспектор;

— 1993-1997-жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынын начальниги;

— 1997-2007-жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;

— 2007-2010-жылдары — Мамлекеттик башкы санитардык врач, КР саламаттык сактоо министринин орун басары;

— 2010 — КР саламаттык сактоо министри;

— 2011-2012- жылдары — КР саламаттык сактоо министринин орун басары;

— 2012-2013-жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин башкы директору;

— 2013-2016-жылдары — И.Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчы, окутуучу;

— 2016-2020- жылдары — КР Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борборунун директору;

— 2020-жылдын апрели — КР саламаттык сактоо министри.

Медицина илимдеринин доктору.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2019-жылдан тарта Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Пикир

Оставить комментарий