• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри түз эфирде "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын ичти. Видео

Ден соолук 0


Бишкек, 16.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы “Ысык-Көл тамыры" аталышындагы (чөптүн кайнатмасы) уу коргошунду “Кабар” агенттигиндеги түз эфир учурунда биринчилердин болуп ичти.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров кечээ соцтармакта бир же эки күндүн ичинде айыктыра турган дары табылгандыгын жазып чыккан.

Бейшеналиевдин айтымында, Садыр Жапаров 2020-жылдын 2-мартында мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго кат жазган.

“Катта кыргыз эли кылымдан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду бере баштасак оору токтой тургандыгы жазылган. Бирок Жээнбеков катты окуган эмес. Мындан улам Жапаров мага кайрылып, “туугандарымды уу коргошун менен айыктырдым, сен дагы берип көрбөйсүңбү” деген. Мен анда катардагы дарыгер элем. Мен дагы туугандарыма берип аларды айыктырдым. Мен Жапаровго уу коргошундун дозасын даярдап берүүсүн айттым. Себеби анын атасы көп жылдан бери салттуу медицина менен алектенген адам экен. Баласына, Садыр Жапаровго кандай дозада даярдаганда адамга пайда келтирерин үйрөтүп кетиптир. 15 күндөн бери Жапаров өзү бизге кандай даярдаш керектигин көрсөттү”, - дейт ал.

Саламаттык сактоо министри “Ысык-Көл” тамыры” жарандарга оң таасир тийгизип жатканын белгиледи.

“Азыркы кезде коронавирус менен ооруган 300дөй адам айыкты. Алгач Токмокто, Бишкекте башталган. Учурда ар бир дарыгер кепилдик алып өздөрү берип жатат. Бүгүнкү күндө клиникалык сыноо жүрүүдө”, - деп айтты ал.

Пикир

Оставить комментарий