• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Прокуратура: Саламаттык сактоо министри түзгөн келишим казынага 55 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы контракт түзгөндүгү аныкталды.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 8-июлунда “M.V.ch” Бахрейн компаниясы жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда Саламаттык сактоо министрлигинде дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик мекемелерге акысыз негизде кызмат көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

"Бирок, ага карабастан Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын "TC. I. T." компаниясы менен келишим түзүп, 54 млн 836 миң 316 сом которгон.

Ал эми Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык долбоор эч кандай мамлекеттик чыгымдарсыз бекер ишке ашмак. Бирок, " Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыктардын негизинде дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада, мамлекетке 54 млн 836 миң 316 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.

Пикир

Оставить комментарий