• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри Ысык-Көлдө меджардам көрсөтүүнүн сапаты жана эмдөөнүн жүрүшү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 08.08.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо мекемелерине барып, анда облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле министр Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты менен жолугуп, облустун саламаттык сактоо боюнча жаңы координатырын тааныштырды.

Саламаттык сактоо министринин 2021-жылы 6-августтагы №280 буйругу менен Жумабек Молдакунов облустун саламаттык сактоо боюнча координатору болуп дайындалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр жамаатка ден соолук жана бакубатчылык каалады. "Ар бир кызматкер биздин жарандарыбыздын ден соолугу үчүн иштеши керек, жамаатка ынтымак жана ийгилик каалайм",-деди Бейшеналиев.

Мындан тышкары, министр Ысык-Көл облусунда COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү менен таанышып, эмдөө процессин тездетүүнү, эл арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн натыйжалуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий