• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри жарандарды донордук кан тапшырып турууга чакырды

Ден соолук 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев донордук кан тапшырды. Кан тапшыруу иш чарасы Бишкекте Донорлор күнүнө карата уюштурулганын ССМ басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство башчысынын айтымында, өлкөдө ыктыярчылар жана донорлор күн сайын азайып бара жатышат.

“Анткен менен керек болуп калсА, баары дароо кан алууну каалашат. А бирок, жарандар өздөрү көмөктөшпөсө, донордук процесстерге жардашпаса, бул баалуу продуктту мамлекет кайдан алат?”, - деди ал.

Батыралиев ошондой эле, мамлекет туруктуу донорлорго колдоо көрсөтүп туруусу керек. Себеби алар колдоого муктаж жана кан кайра калыбына келиши керектигин билдирди.

“Мен, мисалы, жылына болгону эки жолу кан тапшырам жана эки күн эс алууга укугум бар. Донорлор кан тапшырганда жакшы тамактанып, жөлөк пул, маяна менен камсыз болушу керек. Эгерде биз социалдык багыттуу мамлекет болсок, сөзсүз түрдө донорлорду бардык зарыл нерселер менен камсыздашыбыз керек”, - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий