• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри ЖМК өкүлдөрүн тастыкталган жана туура фактыларды гана чагылдырууга чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. ЖМК өкүлдөрүн тастыкталган жана туура фактыларды гана чагылдырууга чакырат элем. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, айрым ЖМКлар тастыкталбаган, далилденбеген маалыматтарды таратууда. “Мисалы, Нарындын тургунун мен ооруканада жатам, бирок мен ооруган жана дарыланган жокмун деген билдирүүлөрү чыкты. Бул адамдын айткандары чындыкка дал келбейт. Ал дааваттан келген, байланышта болгон адам. Анда оорунун белгилери жок болгону менен оорунун козгогучу бар. Алар атайын алынган анализдерден кийин далилденген жыйынтыктар. Бизге оорусу жок адамды ооруканага жаткыруунун эч кандай кызыкчылыгы жок. Анын үй-бүлөсү дагы карантинге алынган”, - деп кошумчалады Абдикаримов.

Ошондой эле министр билдиргендей, президенттин, өкмөттүн, мэриянын аппаратынын кызматкерлерине тесттер жүргүзүлдү деген маалымат жүрөт. Бул дагы чындыкка дал келбейт. “Учурда жалпы 20-30% кызматкерлер гана иштеп жатат, калгандары аралыктан иштөөдө. Экспресс-тесттер тобокелчилик очокторунан, иш сапарынан келген, чек араларды кесип өткөн адамдарга гана жасалды – биз аларды текшерүүгө милдеттүүбүз. Эгерде экспресс-тесттер тастыкталса, андан кийин ПЧР диагностика жасалат”, - деп кайрылды журналисттерге саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Министр кошумчалагандай, азыркы күндө Кыргызстанда экспресс-тесттер жетиштүү көлөмдө. Жалпы 76 миң экспресс-тест бар болчу, алардын ичинен 30 миӊи пайдаланылды.

Абдикаримов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, тастыкталган гана маалыматтарды берүүлөрүн суранып кетти.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата 69 жаңы учур катталды. Бардыгы болуп Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 216 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий