• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саламаттык сактоо министринин орун басары коомдук унааларга коюлган санитардык-эпидемиологиялык талаптар тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коомдук унааларга коюлган санитардык-эпидемиологиялык талаптар тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, ишин жандандырып, иштеп жаткан бардык ишканалар, мекемелер үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыккан.

"Ал талаптарды аткарган объекттердин иштөөсүнө уруксат берилет. Талаптарды аткара албаган ишканалардын ишин токтотуп турууга туура келүүдө. Учурда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүп жатат", - деди ал.

Белгилүү болгондой 25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаалар жүрө баштайт. Үсөнбаев коомдук унаалар да санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди аткарышы керектигин айтып өттү.

"Транспорттук компаниялардын жетекчилери жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук шарттарынын сакталышын камсыздашы керек. Жүргүнчүлөр орундуктарда гана ташылат. Ашыкча киши салууга болбойт. Сиздер билгендей такси экиден ашык киши салбашы керек жана жүргүнчүдө, айдоочу беткап болушу зарыл. Коомдук унааларда дезинфекциялоочу иштер жасалышы керек. Ар бир каттамга чыгар алдында унаанын ичи, кармагычтары дезинфекцияланышы кажет. Ортодогу аралык 1,5-2 метрден кем болбошу зарыл. Беткап тагынуу, колду антисептик менен тазалап туруу, самындап жуу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий