• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна жаңысы дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.01.20. /кабар/. Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Исаков Толо Байдалиевич Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Пикир

Оставить комментарий