• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек жамаатына 25-мартта министрдин жаңы дайындалган эки орун басары тааныштырылды.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович жана Рахматуллаев Жалалидин Мамаюсупович саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды.

Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович 1975-жылы 1-сентябрда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында туулган. Улуту кыргыз. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Рахматуллаев Жалалидин Мамаюсупович 1960-жылы 26-апрелде Ош облусуна караштуу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий