• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги 11 өлкөдөн гуманитардык жардамдарды алды - Шадыханов

Ден соолук 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги 11 өлкөдөн гуманитардык жардамдарды алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, келип түшкөн жардам медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык маанидеги буюмдардын 25 аталышын камтыйт.

“Коронавирус инфекциясынын пандемиясы учурунда Саламаттык сактоо министрлигине башка мамлекеттер, эл аралык өнөктөштөр жана жөнөкөй жарандар гуманитардык жардам берип жатышат. Бул гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн министрликтин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Бардык маалыматтар www.med.kg сайтына жайгаштырылган. Бул убакыттын ичинде биз 11 өлкөдөн гумжардам алдык. Алар: Азербайжан, Кытай Эл Республикасы (КЭР), Түркия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Швейцария, Иран, Өзбекстан, Россия, Америка Кошмо Штаттары”, - дейт ал.

Шадыханов жергиликтүү жана эл аралык 65 уюмдан гуманитардык жардам келип түшкөнүн айтты.

“Алардын арасында: БУУ системасындагы уюмдар, ПРООН, ТIKA, Алтын Кен, “Нурлуу кайрымдуу кыздар” коомдук фонду жана башкалар бар. Ушундай оор мезгилде кыргыз элине жардам көрсөткөн өнөктөштөргө жана жарандарга терең ыраазычылык билдирем”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий