• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги 13 жаңы тез жардам унаасын сатып алды

Ден соолук 0

Бишкек, 15.07.20 /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 13 жаңы тез жардам унаасын сатып алды. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, автоунаалар өлкөнүн жети облусундагы медициналык мекемелерге бөлүнүп берилди.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банктын ERIK долбоорунун алкагында алынган автоунаалардын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар. "В" класстагы 13 медициналык тез жардам унаасы 764 900 долларга сатып алынган.

"Тез жардам унаалары бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн керектүү меджабдуулар менен жабдылган", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий