• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги 145 млн сомго 37 тез жардам унаасын сатып алат

Ден соолук 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында айтылгандай, тез жардам унааларын сатып алууга 145 млн сом каралган. Сынактык арыздарды 31-августка чейин тапшыруу керек.

Биринчи лот - 42 млн 297,4 миң сомго 10 тез жардам унаасы;

Экинчи лот - 102 млн 702,6 миң сомго 27 тез жардам унаасы.

Пикир

Оставить комментарий