• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саламаттык сактоо министрлиги: 18-апрелге карата коронавирус жуктуруп алган медиктер катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-апрелине карата коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын айтуусунда, учурда жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен катталган медицина кызматкерлердин саны 116 бойдон калды.

Белгилей кетсек, 18-апрелде коронавирус жуккан жаңы 17 учур катталып, жалпы бейтаптардын саны 506га жетти. Алардын ичинен 116сы медперсоналдар. 130 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган. Беш адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий