• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги айрым адистиктер боюнча бюджеттик орундарды көбөйттү

Ден соолук 0

Бишкек, 07.08.20./Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында ЖОЖдордогу бюджеттик орундар боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен, министрликтин буйругу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бюджеттик орундар бөлүндү: «Дарылоо иши» - 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» - 40, «Медайымдык иш»- 10 орун.

Ош мамлекеттик универтитети үчүн 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» - 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 20, «Педиатрия» - 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар: «Эпидемиология» - 30 орун, «Инфекциялык оорулар» - 22 орун, «Микробиология» - 30 орун, «Реаниматология» - 26 орун.

Ошондой эле, 2020-2021-окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү: «Пульмонология» - 35 орун, «Тез медициналык жардам» - 12 орун, «Клиникалык лабораториялык диагностика» - 20 орун.

Пикир

Оставить комментарий