• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги антибиотиктерди дарыгерлерден жөнү жок талап кылууну токтотууну суранды

Ден соолук 0

Бишек, 15.11.18 /Кабар/. Элдер эч качан антибиотик ичүүгө кажети жок кезде, аларды дарыгерден талап кылбашы керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев билдирди.

Анын айтуусунда, эгер дарыгер антибиотиктерди жазган болсо, аларды туура, калтырбай курсту толугу менен ичүү керек. “Элдер көп учурда өздөрүн жакшы сезип калганда дарыланууну токтотуп коюшат, ал туура эмес. Дарыланууну аягына чыгаруу керек”, - дейт ал.

“Өздөрүнө жазылган антибиотиктерди туугандарына бербөө керек. Антибиотиктерди дайыма бир гана дарыгер жазып берип, анан аларды аптекадан гана рецепти көрсөтүп алуу керек. Туура эмес жана антибиотиктерди өтө көп ичүү адамдын ден соолугуна чоң зыян алып келиши мүмкүн. Ошондой эле антибиотиктерге болгон туруктуулук адамдарда жана жаныбарларда эмес, бактерияларда болот. Ошол туруктуу бактериялар кийин кайра адамдарга жана жаныбарларга оору жугузушу мүмкүн. Ошол антибиотиктерге туруктуу инфекцияларды дарылоо абдан оор. Адамдардын антибиотиктерге болгон мамилеси өзгөрбөсө жаңы дары-дармектер чыккан күндө деле аларга болгон туруктуулук коркунучу сакталып кала берет”, - дейт Чечейбаев.

Антибиотиктерге болгон туруктуулук коркунучун төмөндөтүү үчүн эмне кылуу керек:

  1. Антибиотиктерди дарыгердин гана дайындоосу менен кабыл алуу:
  2. Эгер дарыгер антибиотик жазып бербесе, аны талап кылбоо:
  3. Дайыма дарыгер берген сунуштарды туура пайдалануу:
  4. Эч качан башка адамдарга өзүнүн колдонулбай калган антибиотиктерин бербөө:
  5. Ошондой эле “Туура тамактануунун беш негизги шарттарын аткаруу”, дайыма колду жууп туруу, тамак жасоодо гигиенаны сактоо, ооруп жаткан адам менен тыгыз байланыштан качуу жана эмдөөлөрдү өз убагында алуу.

Пикир

Оставить комментарий