• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги августтун ортосуна чейин 1,2 млн адамды эмдөөнү пландоодо

COVID - 19 0

Бишкек, 12.-7.21. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги августтун ортосуна чейин коронавируска каршы 1 млн 250 миң адамды эмдөөнү пландоодо. Бул туурлуу "Биринчи райдионун" түз эфиринен министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ Кытайдан Синофармдын 1 млн 250 миң дозасы келди.

«Анын ичинен 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары берилди, ал эми 1,1 млн дозаны сатып алдык. Азыркы учурда түнү менен райондорго бөлүштүрүп чыктык. Биз райондун калкына жана ооругандарга санына жараша бөлүштүрдүк. Бүгүнкү күндө 847 эмдөө пункту иштеп жатат. Алар коммерциялык жана медициналык мекемелерде, кинотеатрларда, мобидик топтор иштеп баштады. Азыр үчүнчү толкун жүрүп жаткандыктан, эмдөөлөр коронавирустун жайылышын токтотууга жардам берет деп ойлойбуз»,-деди ал.

Бейшеналиев бүгүнкү күнгө карата 130 миң адам эмдөөдөн өткөнүн белгиледи.

«Биз августтун ортосуна чейин 1 млн 250 миң адамды коронавируска каршы эмдөөнү пландап жатабыз. Кыргызстанда калктын 70%ы эмдөөдөн өтүшү керек, башкача айтканда 2 млн 137 миң адам. Эгер биз 70% калкты эмдесек, анда жамааттык иммунитет пайда болот»,-деди министр.

Пикир

Оставить комментарий