• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги бирдиктүү iMed мобилдик тиркемесин ишке киргизди

Ден соолук 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги "Санарип MED" санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында iMed мобилдик тиркемесин ишке киргизди.

Ведомстводон билдиргендей, iMed мобилдик тиркемеси КР жарандарына кызматтарды аралыктан пайдалануу жана медициналык документтерди бирдиктүү тиркеме аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Электрондук саламаттыкты сактоо борбору тарабынан иштелип чыккан.

Учурда мобилдик тиркемеде төмөнкү функциялар бар:

1. COVID-19га каршы эмдөө сертификатын алуу;

2. Лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын алуу (COVID-19 жана башка анализдер үчүн);

3. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Telegram ботун колдонуу;

4. "Оорулардын эл аралык классификациясы" медициналык адистер үчүн колдонмо;

5. Бирдиктүү идентификациялык система аркылуу авторизациялоо аркылуу Санариптик ден соолук профилине жеке жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу (булуттун негизиндеги цифралык кол тамгасы бар жарандар үчүн).

"Аталган мобилдик тиркемени ишке киргизүү саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик трансформациянын кезектеги кадамы болуп саналат. Санариптик саламаттыкты сактоонун максаттуу моделинин алкагында биздин милдет – бейтаптын айланасында кызматтарды түзүү жана мобилдик тиркеме бул жагынан бизге жардам берет", - деп түшүндүрдү Электрондук ден соолук борборунун директору Тимур Алхожоев.

Белгиленгендей, учурда мобилдик тиркемени Android колдонуучулары жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү, ал үчүн смартфонуңуздан Google Play'ди ачып, IMed KGди таап же https://play.google.com/store/apps/details... шилтемеси аркылуу өтүшүңүз керек.

Пикир

Оставить комментарий