• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саламаттык сактоо министрлиги: Чубак ажы Жалилов ооруканага түшкөндө абалы оор болчу

Коом 0

Бишкек, 11.07.20./Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги Чубак ажы Жалиловду Улуттук госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 10-июлда болжол менен саат 12:00дө Чубак ажы Жалилов оор абалда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө алып келинген. Ага — эки тараптуу пневмония, үчүнчү даражадагы дем жетишсиздиги, кант диабети диагнозу коюлган.

Реанимациялык аракеттерге карабастан 11-июлга караган түнү саат 02:50дө каза болгон.

«Министрлик Чубак ажы Жалиловдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий