• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармек сатып алуудан 29 млн сом үнөмдөгөн

Ден соолук 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. КРнын саламаттык сактоо министрлиги борборлоштурулган соода кылуу жолу менен дары-дармек сатып алууда 29 млн. сом үнөмдөгөн. Мамлекеттик сатып алуу порталы аркылуу тендер тууралуу маалымат таратылган. Бул тууралуу министр Космосбек Чолпонбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусу боюнча, саламаттык сактоо мекемелеринин дары сатып алуу көлөмдөрүн изилдеп, жашоого абдан керектүү 21 дары-дармекти борборлоштурулган конкурска чыгарууну чечишкен.

“Көп учурда аз көлөмдөгү конкурстарга каалоочулар болбой калат. 2019-жылдын 2-май күнү министрлик 111 саламаттык сактоо мекемелери үчүн 201,3 млн. сомго дары-дармектерди сатып алууга конкурс жарыялаган. Келип түшкөн арыздардын арасынан 18 жергиликтүү жана бирөө чет элдик компаниялар катышууну каалашкан”, - дейт Чолпонбаев.

Ал билдиргендей, борборлоштурулган конкурстун негизги жыйынтыгы болуп бааларды төмөндөтүү эсептелет. “Жарыяланган 75 айлампанын ичинен 142,4 млн.сомго 53 айлампа өткөн. Жүргүзүлгөн конкурстардын жыйынтыгында баардык лоттор боюнча үнөмдөө 29 млн.сомду түзгөн. Борбоштурулган конкурстун жыйынтыгы боюнча баалар 10%дан 50%га чейин төмөндөгөн”, - дейт ведомствонун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий