• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйдү

Коом 0

Бишкек. 12.02.19 /Кабар/. Кепилденген эмгек акысын өзгөртпөстөн, баалоочу карталардын негизинде иштеринин жыйынтыктары боюнча кошумча акы төлөө менен үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акылары жогорулатылды. Бул тууралуу бүгүн, 12 февралда Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында маалымдашты.

2018-жылдан тартып баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлерине материалдык түрткү берүү механизмдери киргизиле баштаган. Анда медициналык кызматты жакшыртуу боюнча иштеринин жыйынтыгына карата үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана үй-бүлөлүк медайымдарга эмгек акылары көбөйтүлүп берилмекчи.

Анын негизинде үй-бүлөлүк дарыгердин базалык оклады – 7900 сом, аткарылган индикаторлору боюнча орточо төлөм – 6640 сом. Жыйынтыгында үй-бүлөлүк дарыгердин орточо айлык акысы 14 миң 540 сомду түздү. Ал эми ошол эле базалык оклад менен максималдуу көлөмдө аткарылган индикаторлору үчүн (13 миң 280 сом) эмгек акы – 21 миң 180 сомду түзөт.

Бишкек шаары боюнча райондук деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо үчүн ар бир райондогу ири Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун (ҮМБ) базасында төрт Бириккен ҮМБ түзүлдү.

Иштеп жаткан 19 ҮМБларды 4 ҮМБга бириктирүү менен административдик, финансылык жана техникалык кызматкерлер кыскартылып, натыйжада бул функциялардын кайталануусун жок кылууга, мамлекеттик сатып алууларды бириктирүүгө мүмкүндүк түзүлдү.

Мындан ары, административдик жол-жоболорду жана дарылоо процесстерин санариптештирүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий