• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги ишкана-мекемелерге эскертет: Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактагыла

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 1-майдан тарта иштөөсүнө уруксат берилип жаткан ишканаларга коюлуп жаткан санитардык-эпидемиологиялык талаптар тууралуу айтып өттү.

"Мекеме жетекчилери коронавирус инфекциясынын жугуусуна бөгөт коюу үчүн кызматкерлерине жана алардын мекемелерине келгендер үчүн коопсуз шарттарды түзүшү зарыл. Атап айтсак, кызматкерлердин жумушка чакан топ менен баруу графигин иштеп чыгуу, аларды транспорт менен камсыздоо, ошол эле учурда ал унаадагы жүргүнчүлөрдүн ортосундагы аралыкты сактоо жана автоунааны милдеттүү түрдө дезинфекциялап, салонду желдетип туруу керек. Сөзсүз түрдө кармагычтарды, эшиктин туткасын дезинфекциялоочу каражаттар менен сүртүү керек", - деди ал.

Ал белгилегендей, кызматкерлер кеңсеге кирүүдө ортодогу 1-1,5 метр аралыкты сакташы керек. Кеңсенин кире беришинде ар бир кызматкерди дене табы текшерилиши зарыл (аралыктан). Ошондой эле кире бериште кызматкерлер колун (70%дык спирт камтылган) антисептик менен тазалоо үчүн атайын санитайзерлер турушу шарт.

"Иш бөлмөлөрдү дезинфекциялоо санитардык-эпидемиологиялык чаралардын бири болуп эсептелет. Буюмдардын беттерин, маселен кеңсе шаймандарын, жабдыктарды ж.б. ар бир 2-3 саатта жана келген адамдарды/кардарларды кабыл алган сайын аларды дезинфекциялоо керек. Өндүрүштүк бөлмөлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен күн сайын тазалап жана жууп туруу зарыл – эшиктин туткалары, жарыктын өчүргүчтөрү, даараткана бөлмөлөрү ж.б. Бөлмөнү ар бир 15 мүнөт сайын желдетип туруу кажет. Бөлмөдө абаны айландырып туруучу же бактерициддик ультрафиолеттик нурдандыруучу жабдууларды орнотуу зарыл. Андан тышкары капкагы жабыла турган таштанды челектери болушу шарт. Иш орундарында колду самындап жуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү керек", - деди ал.

Ошондой эле ал кызматкерлер жеке гигиенасына көңүл бурушу керектигин белгилеп өттү.

"Колду тез-тезден 20 секунддан кем эмес убакыт жуу же спирт кошулган антисептик менен колду сүртүү. Жумуш күнү аяктаганга чейин кызматкерлердин же келген адамдардын ортосунда кеминде 1,5 метр аралык сакталышы кажет. Эгерде бөлмөдө бир эле учурда экиден ашык киши бар болсо беткаптарды тагынуу керек. Респиратордук этикетти сактоо зарыл – чүчкүргөндө же жөтөлгөндө ооз жана мурунду кагаз кол аарчы менен жабуу. Кол алышпай учурашуу жана коштошуу. Эгерде кызматкерлерде курч респиратордук вирустук инфекциялардын белгилери – жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, дем алуунун начарлашы – болсо жумушка келүүгө тыюу салынат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий