• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги кийинки жылга чейин калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүүнү пландоодо

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2022-жылдын 1-январына чейин калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, азыр 586 миң кыргызстандык эмдөөдөн өттү.

“Вакцинаны толук алган мамлекеттик бөлүмдөр да бар. Акыркы маалыматтарга караганда, өлкөдө калктын 38% коронавирус инфекциясы менен ооруган”, - деди ал.

Бейшеналиев белгилегендей, эгерде калктын 70%ы эмдөөдөн өтсө, анда COVID-19дун төртүнчү толкуну болбойт.

Пикир

Оставить комментарий