• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирус жугузуп реанимацияда жаткан 6 бейтаптын бешөө палатага которулду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Мурда коронавирус жугузуп жандандыруу бөлүмүндө (реанимация) жаткан 6 бейтаптын бешөөнүн абалы жакшырып, жөнөкөй палатага которулду. Которулгандардын арасында 1949-жылкы эркек киши дагы бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда Жалал-Абад облусунда бир адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

"Айта кетүүчү нерсе, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандардын бири да өпкөнү жасалма дем алдыруу абалына түшкөн эмес. Республиканын баардык аймагында мобилдик дарыгерлер тобу иштеп жатат. Мобилдүү топтор үй карантинине алынган жарандарга кароо жүргүзөт. Эгерде оорунун белгилери пайда болсо (дене табы көтөрүлүп, кургак жөтөл) мобилдик бригада үй карантининдеги жарандын үйүнө барып, тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзөт. Үй карантининде жаткан жарандардын кандайдыр бир суроолору болсо, анда "112" же "118" кыска номерлерине акысыз чалып, дарыгерден кеп-кеңеш алса болот", - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 27-марты саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 58 учур катталды.

Алардын ичинен:

-Жалал-Абад облусунда – 26,
-Ош облусунда – 27,
-Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган),
-Баткен облусунда – 1.

Пикир

Оставить комментарий