• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы күрөшүүдөгү оӊ динамиканы белгиледи

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда күндөн күнгө COVID-19 коронавирустук инфекциядан айыккандардын саны көбөйүп, илдетке кабылгандардын саны азаюуда. Өкмөт үйүндө өткөн брифингде өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска каршы күрөшүүдөгү оң динамиканы белгилеп өттү.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күнгө карата катталган учурлардын жалпы санынан сакайып чыккандардын саны 41,5%ды түздү.

"Сутка ичинде коронавирус жуккандарга караганда айыккандардын саны көп болду. Бул жерде оң жак тенденцияга кетип жаткандыгын айтууга болот", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 612 учуру катталды. Стационарда – 351, алардын ичинен реанимацияда – бешөө. 254 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды . Жети адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий