• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгон учурда сөөктү жерге берүү эрежелерин иштеп чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирустан каза болгон учурда сөөктү жерге берүү эрежелери иштелип чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны өсүүдө, ошол эле учурда каза болгон учурлар да катталууда. Мындан улам COVID-19 илдетинен көз жумган учурда башкаларга залал тийгизбестен жерге берүү маселеси каралган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, коронавирустан каза болгон адамдын сөөгү тийиштүү бир талаптарды аткарганда айланадагы адамдарга залалын тийгизбейт.

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, коронавирустан каза болгон учурда башкаларга коопсуз болгондой кылып сөөктү жерге берүү эрежелерди иштеп чыкты.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да Саламаттык сактоо министрлиги менен сөөктү жерге берүү боюнча сунуштарын макулдашты. Анда өлкөнүн мусулман бөлүгүнүн ырым-жырымдары эске алынган.

COVID-19 менен ооруп, кийин каза болгон учурда санитардык дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоо кажет. Аны менен бирге, дезинфекция процедураларын жана өздүк гигиенанын эрежелерин сактап, анын ичинде карантиндин талаптарына ылайык, колкап, беткап кийүү зарыл. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маркумду жерге берүүдө жакын туугандарынын эле катышуусун сунуш кылат.

Министрлик коронавирус кара тумоо, холера, күйдүргү сымал кооптуу инфекция эмес экенин, ошентсе да тазалыкты сактап, коргонуу зарыл экенин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий