• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 30-июль Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу коронавирустан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

"Саламаттык сактоо министрлигинин, өзүмдүн жана кесиптештеримдин атынан COVID-19 пандемия учурунда жакындарынан айрылган ар бир мекендешиме кайгыларын тең бөлүшүү менен көңүл айтам. Жоготкон жакындарыбыздын жаткан жери жайлуу болсун. Миңдеген статистиканын артында ата-энелерибиз, чоң ата, чоң энелерибиз, эже-сиңдилерибиз, ага-инилерибиз, кесипкөй адистерибиз, белгилүү инсандар турат. Коронавирус кыргыз элибиздин жөнөкөй жарандарынан тартып мамлекетебиздин өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон коомдук ишмер, дин өкүлдөрүн жана илдетке каршы турган медицина кызматкерлерин да аяган жок. Дүйнөлүк илимий коомчулук тарабынан терең изилденип бүтө элек вирус ар бирибизди вируска каршы турууда ар бир мүнөт сайын терең ойлонууга, биригүүгө мажбурлап, ар бир жарандын өмүрүн сактап калууга күрөшүбүз керек экендигин айгинелеп турат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, активдүү жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана бизнес өкүлдөрүнүн биригүүсү биздин дарыгерлердин күчүнө күч, демине дем кошуп, дагы далай өмүрлөрдү сакташыбызга чоң өбөлгө түзүп отурат. Арийне кемчиликтер да кетпей койгон жок. Дүйнө эли мындай масштабдагы пандемияга биринчи жолу кабылып саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөрдү ачык-айкын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Биз дагы да болсо сиздерден тазалыкты, социалдык аралыкты сактоо жана беткап тагынуу эрежелерин кынтыксыз аткарууну суранып кетебиз. Анткени бекем тартип, жөнөкөй гигиеналык эрежелер менен ар бирибиздин жакындарыбыздын өмүрлөрүн сактаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бүгүн мен дагы бир жолу коомубуздун биримдиги керектигин белгилөө менен ар бириңиздер менен кошо кайгырам", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий