• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты менен иштөөдө

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты менен иштөөдө. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева брифингде билдирди.

Анын айтымында, аталган колдонмо 3-варианттагы жетишпестиктерди эске алуу менен иштелип чыкты.

"Айта кетсек, биринчиден пневмониянын коду бекилди – U07.2. Андан сырткары, стационардык жана амбулатордук дарылоо бөлүндү. Дексаметазон сыяктуу дарыларды консилиумдун чечими менен колдонулсун деген чечим чыгарылды", - дейт ал.

Ошондой эле төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты:

1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;

2. Балдарды дарылоо боюнча;

3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;

4. Амбулатордук дарылоо боюнча;

5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация) программасы.

Пикир

Оставить комментарий