• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстан боюнча обсервацияда 874 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1-майга карата обсервацияда 874 адам жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова кабарлады.

Анын айтымында, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3 миң 139 адамга жетти. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, 1-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 10 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 756 учуру катталды. Алардын ичинен 198и медицина кызматкерлери. Учурда стационарда – 244 адам жатат, алардын ичинен бешөө реанимацияда. 504 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий