• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал курчуду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингдин жүрүшүндө айтты.

Ал 18-январга карата өлкө боюнча COVID-19дун 820 жаңы учуру катталгандыгын билдирди.

"Дүйнөлүк институттардын маалыматына ылайык, коронавирустун жаңы "омикрон" штаммы тездик менен тарап, көп адамга жугушу мүмкүн. Ошол эле мезгилде акыркы кезде коронавирус жеңил өтүп жаткандыгын баса белгилеп кетким келет. Илдет жуккан бейтаптардын 80 пайызы үйүндө дарыланууда, айрымдарында оору жеңил өтүп жатат. Эгерде оорунун белгилери байкалса, анда бардык коопсуздук чараларын көрүү керектигин эске салам. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонуңуз. Бул сиздин жакындарыңызды оорудан сактайт. Беткап тагынууну, колдун гигиенасын, антисептик колдонууну жана бөлмөлөрдү желдетип турууну унутпаңыздар", - деди ал.

Министрдин орун басары Рахматуллаев оорунун белгилери пайда болсо, үйдө калууну жана үй-бүлөлүк дарыгерге же 118 ыкчам номерине чалуу керектигин эске салды.

Пикир

Оставить комментарий