• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда коронавирустун такстыкталган учуру катталган жок

Ден соолук 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 30-январына карата Кыргызстанда конавирустун такстыкталган учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата аймактык ооруканасындагы 6 адам жашаган жери боюнча андан аркы медициналык кароодон өтүү үчүн жиберилген. Учурда 14 миң 445 адам санитардык-карантиндик пункт аркылуу

Министрликтен маалымдашкандай, Кытайдан келгендердин саны – 42 адам (28-29-январь), алардын ичинен Кыргызстандын жарандары – 24, Кытай жарандары – 18. Баары тең термосканердин (тепловизор) жардамы менен керектүү болгон медициналык процедурадан өтүштү, алардын арасында оорунун белгиси байкалган адам аныкталган жок.

"Бүгүнкү күндө Москва районунун аймактык ооруканасында 6 адам, Сокулук районунун аймактык ооруканасында 3 адам бар. Бардыгы тең дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары канааттандыраарлык. Калган 33 адам штабтын чечимине ылайык, жашаган жери боюнча андан аркы медициналык кароодон өткөрүү үчүн жиберилди", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: 2020-жылдын 29-январында Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан коронавирус инфекциясынын орточо белгилери бар деп шектенүү жараткан бейтаптар үчүн үй шартында коопсуз камкордукка алуу жана оорулуу менен байланышта болгон адамдарды жетектөө боюнча сунуштары бар убактылуу нускама алды.

ДССУнун сунуштарынын коронавирус инфекциясынын жеңил түрү бар же симптомсуз деп шектенүү жараткан бейтаптарга медициналык кароо жүргүзүү бөлүмүн жетекчиликке алып, ошондой эле эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун эске алуу менен КР ССМдин “Коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө жана республикага келишинин алдын алуу чараларын кабыл алуу боюнча” оперативдик штабы тарабынан келген адамдардын туруктуу жана убактылуу жашаган жери боюнча медициналык кароо жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Медициналык байкоо жүргүзүү УМБ, УДТнын кызматкерлери тарабынан инкубациялык мезгил бүткөнгө чейин 10 күн аралыгында жүргүзүлөт. Ухань шаарында болуп кайткан адамдардан башкасы. Ухань шаарында болуп келген жарандар милдеттүү түрдө обсервацияга же ооруканага жаткырылууга жиберилет. Өткөрүү пункттарында (СКП, убактылуу медициналык пункттар) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары аркылуу коронавирустун өлкөгө киришин жана жайылышын алдын алуу иш-аракеттеринин ырааттуулугу (алгоритми) иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий