• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги: Кытайдан 196 адам келди, алардын 13ү кытайлар

Коом 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын 28-январынан 1-февралына чейин Кытайдан Кыргызстанга жалпысынан 196 адам келди. Алардын ичинен Кыргызстандын 182, Кытайдын 13, башка өлкөлөрдүн бир жараны бар. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын баары тепловизор аркылуу медициналык көзөмөлдөн өткөрүлдү. Вируска байланыштуу шек саналгандар аныкталган жок.

"Азыркы күнгө карата Сокулуктагы ооруканада - 3, Беш-Күңгөй айылындагы госпиталда - 4 адам текшерилүүдө. Абалдары канааттандырарлык. Калган 189 адам штабдын чечими менен жашаган жеринен медициналык кароодон өтүү үчүн коё берилген", - деп айтылат маалыматта.

Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

- Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
- Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
- Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
- Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
- Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;
- Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Пикир

Оставить комментарий