• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидабалдын кескин түрдө начарлап кеткендигине байланыштуу кошумча чараларды көрүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын кескин түрдө начарлап кеткендигине байланыштуу кошумча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, абал курч, акыркы жумада ооруп калгандардын саны тез өсүп кетти, ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кошумча иш-чаралар аткарылып жатат.

"Бишкек, Чүй облусунда оорунун саны тез өсүүдө максатсыз көчөгө чыкпаңыздар, эл көп жерге барбаңыздар, сөзсүз беткап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуздар. Ар бир адам жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого тийиш. Оорунун белгилери байкалса дарыгерлерге кайрылуу керек", - дейт ал.

Бирок, Каратаев кандай чаралар көрүлүп жатканын айткан жок.

Пикир

Оставить комментарий