• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги: Медициналык кызматкерлер коронавирус жуктуруп алды деген маалымат жалган

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20./Кабар/. Бүгүн, 31-мартта өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов медициналык кызматкерлер коронавирус жуктуруп алды деген маалымат жалган экендигин билдирди.

Анын айтуусуна караганда, илдет чыккан очоктордо иштеп жаткан бир да медициналык кызматкер COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган эмес.

"Бир дагы дарыгер ооруган жок, мен бул тууралуу расмий түрдө кабар берүүдөмүн. Биз берип жаткан маалымат ачык жана айкын", - деп баса белгиледи ал.

Кыргызстанда 2020-жылдын 31-мартына карата коронавирусту жуктурган дагы 13 жаңы учур катталып, жалпы илдетти жуктуруп алгандардын саны 107 кишиге жетти. Алардын ичинен күн мурун Жалал-Абад облусунда үч адам айыгып чыккан.

107 учурдун ичинен Жалал-Абад облусунда - 50, Ош облусунда - 38, Бишкек шаарында - 8, Чүй облусунда - 4, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 2 адам бар.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий