• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги “омикрон” штаммынын пайда болуусуна даяр

COVID - 19 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушуна даяр. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Улук-Бек Бектурганов билдирди.

Анын айтымында, аэропорттордо, темир жол бекеттеринде келгендерди текшерүү күчөтүлгөн.

“Биз дене табын , ПЧР анализин текшеребиз. Эгер 72 саат убакыт өтүп кеткен болсо, анда биз жыйынтыкты жокко чыгарып, эмдөө алганын текшеребиз”, - деди ал.

Ошондой эле, министрдин орун басары “омикрон” штаммындагы симптомдор “дельтадагыга” окшош – дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык жана башкалар. Ооруканалар жана лабораториялар илдеттин пайда болуусуна толук даяр.

Бектурганов белгилегендей, өлкөдө жаңы технологиялар менен дагы 10 вирусологиялык лаборатория ачылып, алар скринингден өтүп, жаңы штамм менен изилдөө жүргүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий