• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги: Ошто дагы 2 медицина кызматкеринен коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда дагы 10 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Анын арасында эки медицина кызматкери бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

"Коронавирусту жуктуруп алган медиктердин жалпы саны 34кө жетти, анын ичинен экөө жаңы катталган учур ", - деп кошумчалады ал.

Каратаевдин айтуусуна караганда, 5-февралдан тарта жалпы изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөр - 20 миң 901. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр - 15 миң 117ни түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелине карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 280 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 86,
  • Ош облусунда – 98,
  • Чүй облусунда – 7,
  • Баткен облусунда – 4,
  • Ош шаарын – 36,
  • Бишкек шаарында – 36,
  • Нарын облусунда – 10,
  • Ысык-Көл облусунда – 3 учур бар.

Пикир

Оставить комментарий