• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүдө министрликтин кызмат адамдары кызматынын абалынан пайдаланып, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталган. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин жана министрликке караштуу Улуттук госпиталдын кызмат адамдары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын бузуу менен, 2021-жылдын 20-майынан 19-ноябрына чейинки алты ай аралыгында мамлекеттик кызыкчылыктарына каршы кызмат абалдарын пайдаланып, иммуносупрессивдүү дары-дармектерди жогорулатылган баада сатып алуу максатында, конкурстардын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарып, эки лот боюнча дары-дармектердин баасын жогорулатуу менен бардык жети лот боюнча сатылып алынган дары-дармектердин санын азайтышкан.

Андан соң, 2021-жылдын ноябрында алар «Ю.Х.» ЖЧКсын конкурстун жеңүүчүсү деп мыйзамсыз таап, аны менен 41,1 млн сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүп, 4 млн 508 миң 975 сомго мамлекеттик таламдарга зыян келтирилген.

Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий