• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги “Түндүк” тутумуна кошулду

Коом 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги “Түндүк” введомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна 2018-жылдын декабрь айында кошулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, министрлик системага төмөнкү кызматтарды киргизген:

1. АИС “Медициналык күбөлүк” – төрөлгөндүгү жана өлгөндүгү тууралуу маалымат;

2. “Калкты каттоо” Маалымат Базасы – калкты саламаттык сактоо уюмдарында каттоо тууралуу маалымат.

“Калкты каттоо” Маалымат Базасы кийинки маалымат базалары менен бириктирилген:

- Мамлекеттик каттоо кызматы. Бул өз кезегинде паспорттук жана даректик маалыматтарды автоматтык түрдө толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери тарабынан каттоо иш кагаздарын толтуруу убактысын төмөндөтөт;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду (ММКФ). Бул өз кезегинде саламаттык сактоо уюмдарына адамдардын камсыздандыруусу тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзөт. ММКФга финансы каражаттарын эффективдүү бөлүштүрүп, бюджетти туура иштетүүгө, ал эми бейтаптарга медициналык кызматтарды алууда убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

“Медициналык күбөлүк” Автоматташтырылган маалымат системасына (АМС) каттоо органдарына жана саламаттык сактоо мекемелерине төрөлгөндөр жана өлгөндөр тууралуу маалыматты өз убагында берүүгө жол түзөт. Иш кагазадарды мыйзамсыз колдонуу жана коррупция фактыларын четке кагуу максатында каттоо органдарында каттоо жүргүзүү АМСтин маалыматына таянып жүргүзүлөт.

“Түндүк” системасын колдонуу мамлекеттик органдар арасында байланыш аркылуу калкка электрондук форматта кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Пикир

Оставить комментарий