• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги түштүккө дарыгерлер тобун жөнөтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн медициналык бригадалар бүгүн, 30-мартта түштүктөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1 айга ошол жакка жөнөтүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, түштүккө пульмонологдор, анестезиолог-реаниматологдор, жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер жөнөтүлүүдө. "Кытайдын мисалында коронавирусту тартиптин жана аракеттердин аркасында жеңсе боло тургандыгын көрдүк. Сиздердин аракеттериңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. Мен ишенем, биз бул илдетти жеңебиз", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий