• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги учурда иштеп жаткан медиктердин саны боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында учурда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин саны боюнча маалымат берди.

“Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борборунун статистикасы боюнча, учурда иштеп жаткан дарыгерлердин саны 7 миң 326ны (53%), орто медперсонал – 16 миң 407ни (40%), кенже медперсонал – 5 миң 771ди (46%) түзөт”, - деди ал.

Бообекова кошумчалагандай, медкызматкерлердин жалпы санынан тобокелдик тобундагылар 10-14%ды түзөт, 10-12%ы сыркоого байланыштуу, эмгек өргүүдө, бала багууда жана башкалар.

«Мындан сырткары, республиканын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн КММАнын ординатурасын бүтүргөн 169 адамды бөлүштүрду. 175 адиске “Депозит врача” программасынын негизинде кварталда бир жолу финансы каражаттары төлөнүп берилет. Бишкек медициналык колледжин бүтүргөн 70 адис Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн”, - деп белгиледи Бообекова.

Пикир

Оставить комментарий