• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн жарандар санитардык-гигиеналык эрежелерди аткаруусу керектигин дагы бир ирет эскертти.

"Дагы бир жолу жарандарга кайрылып кетким келет, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган тиешелүү режимди сактоого чакырым. Биздин статистикадан ооруну кайсы жерден жуктурганы аныкталбаган учурлар болуп жатканын көрүп жатасыздар. Коронавирусту кайсы бир жерден жуктуруп алуу коркунучу бар. Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү чараларды көрүп жатат, ооруну жуктурган бардык учурларды, алар менен байланышта болгондорду аныктап, текшерүүгө алуудабыз. Ошентсе да ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар. Андай учур ар бир жугуштуу оору чыккан кезде пайда болот. Коюлган талаптардын баары жугуштуу оорунун жайылуусун азайтуу максатын көздөйт. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган талаптарды, эрежелерди аткарууга чакырабыз. Айрыкча, эл көп чогулган жерлерге барганда абай болуу керек. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 31-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1748ди түзөт. Алардын ичинен 1170 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий