• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өзүн-өзү дарылабоого жана биринчи күндөн баштап күчтүү дарыларды колдонбоого чакырат

Ден соолук 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти, профессор Айнура Кутманова медициналык көрсөтмөлөр жок өзүн-өзү дарылоо кооптуу экенин айтат.

Анын айтымында, айрым жарандар биринчи күндөн баштап дарыгердин көрсөтмөлөрү жок антибиотиктерди, гормоналдык дарыларды колдонууда.

"Дене табынын көтөрүлүшү организмдин инфекцияга болгон реакциясы экендигин түшүнүү керек. Ошондуктан биринчи күндөн баштап дары-дармек ичүү туура эмес. Суюктук көп ичип, ошол эле парацетамолду колдонбоо керек. Ал боордун иштешине терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, - дейт ал.

Кутманова антибиотик, антикоагулянт жана гормоналдык дарыларды колдонбоого чакырат.

"Бул дарыларды дарыгердин гана көрсөтмөсү менен колдонуу керек жана оорунун оор формасына гана. Алар менен өзүн-өзү дарылоо өтө коркунучтуу", - деди инфекциялык оорулар боюнча адис.

Пикир

Оставить комментарий