• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги жеке клиникалардагы гемодиализ кызматтарынын бааларын жөнгө салат – министр

Ден соолук 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда гемодиализди бюджеттик жана жеңилдетилген тартипте 1 миң 508 адам алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 604 бейтап гемодиализди бюджеттик негизде алат. Алардын ичинен бюджеттик мекемелерден 117 адам алган (Талас, Нарын, Каракол, Балыкчы).

“2019-жылдын биринчи жарымын жылдыгында жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгы менен жеке клиникалардан келишим боюнча 203 адам гемодиализ алат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 283 адам гемодиализ алат. “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамынын өзгөрүшүнө байланыштуу 5 стадиядагы өнөкөт бөйрөк кемтиги бар бейтаптарга гемодиализ кызматтары үчүн мамлекеттик сатып алууларды мыйзам жөнгө салбайт. Гемодиализ кызматын уюштуруу жана ишке ашыруу тартиби өкмөт тарабынан белгиленет”,- дейт ал.

Чолпонбаев белгилегендей, алар, Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду менен болгон келишим боюнча гемодиализ кызматтарын көрсөткөн жеке клиникалардагы бааларды жөнгө салуу боюнча өкмөт токтомун даярдоодо. “Ал үчүн министрлик, жылда 203 бейтапка кеткен 225 млн. сомду Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна берүүнү пландоодо. Кызматтын баасы – 4 миң 700 сом. Аны менен бирге биз, кызмат стандарттарына ылайык аталган каражаттын эсебинен кошумча 103 бейтапты акысыз дарылоого өткөрө алабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий