• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги ЖМК өкүлдөрүн COVID-19дан каза болгондор боюнча маалыматтарды туура интерпретациялоого чакырат

Ден соолук 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн COVID-19дан каза болгондор боюнча маалыматтарды туура интерпретациялоого чакырат.

Маалыматка ылайык, "24.kg" маалымат агенттигинде "Кыргызстан дүйнө жүзүндө COVID-19 өлүм учурлары боюнча биринчи орунду ээледи" деген макала жарыяланган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Кыргыз Республикасы лаборатордук тастыкталган (U07.1) жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган (U07.2) COVID-19 боюнча статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алган.

Буга байланыштуу, сандарда “курулай өрчүтүү” орун алган, бирок 2020-жылдын 17-июлунан баштап күн сайынкы тенденция суткасына 1000 учур кошулганын көрсөтүүдө, бул кескин көбөйүү эмес. Бирок статистика бириктирилгендиктен, 2020-жылдын 17-июлунда автоматтык түрдө COVID-19дун U07.2 маркасы боюнча 10 995 учур кошулду.

Мындан улам, эл аралык эсептегичтерде 1 жуманын ичинде оорунун жана өлүмдүн жаңы учурлары кошулду. Айрым өлкөлөрдүн Өкмөттөрү дагы мындай кадамга барып, алардын дагы статистикасы ушундай темпте өскөн.

Саламаттык сактоо министрлиги ошондой эле “New York Times” ресурсуна жайгаштырылган COVID-19дун глобалдык көбөйүшүн кароо боюнча коронакартаны талдап чыкты.

Көрсөтүлгөн таблицада Кыргыз Республикасы акыркы 7 күндөгү өсүштү эске алганда 1-орунда турат, тагыраагы 16 807 – бул 100 миң калкка 266 учурду түзөт, өлүмдөрдүн саны боюнча дагы ушундай эле. Маалыматтардын чагылдырылышынын тууралыгы үчүн Саламаттык сактоо министрлиги ушул эле сайтка бир жумадан кинйин, статистика жаңылангандан кийин, кирип көрүүнү сунуштайт.

Ошол эле учурда, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун күнүмдүк отчетуна ылайык (Situation Report – 183, 2020-жылдын 21-июлуна карата), Кыргызстан коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча 62-орунда турат (каза тапкандардын санын COVID-19 аныкталган жалпы адамдардын санына бөлүп, 100%га көбөйтүү формуласын колдонууда). Эгерде формуланы 1 млн калкка колдонсо, анда биздин өлкө 30-орунда болот (https://www.worldometers.info/coronavirus/).

"Анын үстүнө Саламаттык сактоо министрлиги амбулатордук шарттарда дарылануу алган жана алып жаткан жактарды дагы эсептейт, мындан улам, өлүмдүүлүк дагы да тагыраак эсептелет. Жарандардын арасында орун алган паника жараткан маанайга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарын алгачкы учурду каттоо күнү, жалпы калктын же ооругандардын санына салыштырмалуу, экономиканын өнүгүшү сыяктуу белгилүү бир көрсөткүчтөр боюнча салыштырууну эске алуу менен маалыматтарды туура интерпретациялоого дагы бир ирет чакырабыз", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий